Бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаардык кеңештин кезектеги XXVIII сессиясынын жыйынында 33 маселе каралат.
Алардын айрым орчундуулары төмөнкү темалар:
- Бишкек шаарынын борбордук аймагын деталдык пландаштыруу долбоорун бекитүү жөнүндө;
- Бишкек шаарындагы экологиялык абал, шаарды каптаган кара түтүн, полиэтилен баштыктары тууралуу;
- Шаардагы абанын сапатына байланыштуу түзүлгөн катастрофалык кырдаалды талкуулоо максатында, Бишкек шаарынын мэриясынын экологиялык абалы жөнүндө отчёту;
- Футбол борборун куруу үчүн жер тилкесин бөлүү жөнүндө;
- Бишкек шаарынын бюджетин 2020-жылга бекитүү жана 2021-2022-жылдарга болжолдор жөнүндө;
- Жаштар комитетин түзүү жөнүндө;
- Бишкек шаарынын аймагында көп батирлүү турак үйлөрдү куруу үчүн мурда ижара шартында мөөнөттүү пайдаланууга берилген жер тилкелерине менчик укуктарын сатуу жөнүндө жобону бекитүү жана башка маселелер каралат.