Бишкекте бир ай аралыгында шаардык травматология бөлүмүнө 267 адам кайрылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаары боюнча 27-ноябрдан 24-декабрга чейин шаардык травматология бөлүмүнө 267 киши кайрылган. Алардын көчүлүгү жолдон тайгаланып, жаракат алгандар. Алардын ичинен 91 адам жамбаш сөөгүнөн сынык алса, 44 адам тизеден ылдыйкы бөлүктөн сынык алган. Ошондой эле 132 жаран жеңил жаракаттарды алган.