Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын күн тартибине негизги футбол борборун куруу үчүн жер тилкесин бөлүү тууралуу маселеге кезек келип жетти.
Жыйындар залына улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин баштаган Валерий Кичин, Гүлжигит Алыкулов жана башка футболчулар жыйынга катышууда. Футзал боюнча калыс Нурдин Букуев футбол борборун куруунун актуалдуулугу тууралуу кенен маалымат берди.
Айтымында, өсүп келе жаткан өспүрүмдөргө стимул болуп, жыйынтыктарга жетишүү үчүн бул борбордун курулушу абдан маанилүү. "Дени сак улут - бакубат жашаган бактылуу өлкө. Ошондуктан бул демилге колдоого алынышы керек", - деди ал.
Сессияга катышкан депутаттар дагы тиешелүү жер тилкесин ылдамдатып чечип берүүнү белгилеп өтүштү.
Жер тилкеси 8-10 гектар болушу керек.
Гранттык бюджет: 8-10 миллион доллар, анын 3 миллион 500 миң доллар өлчөмүндөгү суммасы учурда колдонууга даяр. Эгерде жер тилкеси бөлүнүп берилбесе, гранттык суммадагы акча 2019-жылдын 31-декабрында күйүп кетиши мүмкүн.
Демөөрчүлөр: ФИФА уюму, чет өлкөлүк өнөктөштөр жана демөөрчүлөр. Футболдук борбор өзүнө чоң аянттагы футбол аянтчасын камтып, эл аралык стандарттарга туура келген мелдештерди өткөрүүгө ылайыкталып курулат.
Эл аралык стандартка туура келген чоң жасалма аянтча болот.