Бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын күн тартибине негизги футбол борборун куруу үчүн жер тилкесин бөлүү тууралуу маселе каралып жатат.
Футбол федерациясы борбор сураган жерге Башкы план боюнча көп кабаттуу турак жай салынат. Бул тууралуу жыйында вице-мэр Азиз Алымкулов айтты.
"Бишкек башкы архитектура" 4-5 вариантты сунуштаган, Ак-Өргөдөн, Эмгек резерви жана башка варианттар. Футбол федерациясы бул сунуштарды четке какты, грант берүүчүлөрдүн өздөрүнүн шарттары бар экен. Футбол федерациясы Масалиев көчөсү жактагы жерди сураган, башкы план боюнча ал жакта көп кабаттуу үй салынат", - деди ал.