Бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын күн тартибине негизги футбол борборун куруу үчүн жер тилкесин бөлүү тууралуу маселеси каралды.
Жыйынга улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин, футболчулар Валерий Кичин, Гүлжигит Алыкулов катышты. Жыйында футзал боюнча калыс Нурдин Букуев футбол борборун куруунун актуалдуулугу тууралуу кенен маалымат берди.
Борбор үчүн жер бөлүп берүү маселеси эртең, 26-декабрда уланмай болду.