Бишкекте дайынсыз жоголгон 16 жаштагы өспүрүм кыз табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ленин РИИБине И.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 2003-жылы туулган кызы 24-декабрь күнү саат 17:30 чамасында Чүй кең көчөсүнөн автобустан түшүп калып, бирок үйүнө барган эмес.
Бул факты боюнча издөө иштери жүрүп, 25-декабрь күнү кыз Ден Сяопин көчөсүнөн табылган. Ал ата-энесине аман-эсен өткөрүлүп берилген.