Биз социалдык тармакта

Депутат Бишкектеги абанын бузулушуна ЖЭБ кесепетин тийгизип жатканын айтты

Депутат Марлен Маматалиев Бишкектеги абанын бузулушуна ЖЭБ кесепетин тийгизип жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Жыйында "Бишкек шаарындагы абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтом долбоору каралууда.

"Эл аралык көрсөткүчтөр боюнча, Бишкек эң ыштуу шаарлардын катарына кирди. Ыш адамдын ден соолугуна зыян. Бул боюнча министрликтердин, мэриянын позицияларын билебиз. Мэрия беткап кийгиле десе, өкмөт түшүнүксүз жооп берип жатат. Бирдиктүү иш алып баруу максатында бул тууралуу токтом кабыл алып беришибиз керек.

ЖЭБ жаңыланганга чейин сапаттуу көмүрлөр жагылчу экен. Азыр ар кандай көмүр жакканга мүмкүнчүлүк түзүлүптүр. ЖЭБ дагы абанын булганышына кесепетин тийгизип жатат. Сөзсүз түрдө жагылып жаткан көмүрлөрдү текшерүү зарыл", - деди Маматалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jaznura
2019-12-26 14:01:23
ЖЭБди иштетпесе дагы болбойт өзүң отурган үйүң деле жылыбай шаардыктардын баары тоңуп өлбөйбү?
-1
Absamat-90
2019-12-26 14:07:57
Туура айтат, ЖЭБ модернизация боло элегинде мындай койгой жок эле. Эми болсо трубасы да сапатсыз, ага келген комурлор да сапатсыз.
-1
Mamiev
2019-12-26 16:26:24
Бир эле ЖЭБ эмес шаарда машиналар көп. Анан дагы көпчүлүк машилар эски айдасан капкара түтүн чыгат машрутка толтура. Эл дагы баня салып эле желим текезтерди жага беришет. Кышында жылда эле ушундай болот калп эле ЖЭБ т куноллогондо эмне.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан