Бишкекте Жаңы жылдык жарманке өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
“Жарманке борборубуздун Курманжан датка эстелигинин алдында өттү. Ал жактан Жаңы жылдык таттуулар, колго жасалган идиш-аяк, сувенир, бал жана эко азыктарды сатып алса болот. Мындан тышкары, келген конокторго “Тулпар” картасы бекер берилди”, - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, Жаңы жылдык жарманке 30-декабрга чейин уланат.