Бишкек мэриясы Ала-Тоо аянтындагы Жаңы жылдык иш-чаралардын программасын жарыялады. Ага ылайык, шаар тургундары жана меймандары үчүн эски жылды узатып, Жаңы жылды тосуу иш-чарасы 31-декабрда саат 20:00дө болот.
27-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында - Бишкек мэриясынын салтка айланган кайрымдуулук балатысы орун алат. Ага жетим балдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, 7-апрелде каза болгон жана жабыркагандардын, Афган согушунун ардагерлеринин балдары, мыкты окуучулар, олимпиаданын жеңүүчүлөрү чакырылган. Жалпысынан миңден ашуун кыздар, балдар катышат.
Мындай иш-чаралар борбор калаадагы бардык райондордо өтөт.
28-декабрда саат 15:00дө Чүй кең көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде балдар үчүн көңүл ачуучу иш-чара болот.
Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана меймандарын Жаңы жылы менен куттуктайт.