Биз социалдык тармакта

Каракол шаарында милиция кызматкерлери Аяз Ата жана Аяз кыз болушту

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору жана Ысык-Көл облусунун ИИБинин жетекчилери Аяз ата жана Аяз кыз болуп, мигранттардын балдарын жана социалдык абалдары оор үй-бүлөдөгү балдарга майрам тартуулашты. Бул иш-чара менен облус боюнча "Милиция Аяз Ата" акциясы башталды.

Аяз Ата жана Аяз кыз балдарга белектерди берип, майрамдык маанай тартуулашты. Ысык-Көл облусунун ИИБинин жетекчиси Улан Асанбаевдин айтымында, 11 миң жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлорунун тизмесинде бар. "Бул балдардын көпчүлүгү Жаңы жылдык майрамга барууга мүмкүнчүлүктөрү жок, андыктан милиция кызматкерлери кичине болсо да майрам тартуулоого аракет жасашты", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhaku2017
2019-12-26 18:59:06
Молодцы милиционерлер.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан