Биз социалдык тармакта

"Кыргыз өлкөсү 10 миллион долларлык гранттан куржалак калбайбы?" Футболдук борборду курууга жер тилкесин бөлүү маселеси дагы бир күнгө жылды

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары футболдук борборду курууга жер тилкесин бөлүүнү кароо маселесин кайра эртеңки күнгө калтырышты. Бул жөнүндө бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык кеңештин сессиясы башталган учурда белгилүү болду.

Кечээ, 25-декабрда шаардык кеңештин депутаттары күн тартибинде футболдук борбор үчүн жер тилкесин бөлүү боюнча маселени карап, бирок жыйынтык чыгарышкан эмес. Аталган спорттук имарат 10 миллион долларлык суммадагы грант катары бериле турган суммага курулат.

Мэрия учурда дагы жер тилкесин чечүү боюнча шаар мэри Азиз Суракматов комментарий берген жок.

Ал эми шаардык кеңештин депутаттары эртең бул маселе чечиле турганын, жер тилке табылып, бирок юридикалык маселе каралып жатканы тууралуу айтышты.

Жыйын эртең, 27-декабрда саат 9:00дө каралмай болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров айтты. Шаардык кеңештин маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, Бишкек шаардык кеңеши кезектеги 28-сессиясында 26 маселени карайт. Кечээ анын экөө каралган. Бүгүн саат 10:00гө белгиленген жыйын саат 15:00дө башталып, 10 мүнөт убакыттан кийин эртеңкиге жылдырылды.

Ал эми бул учурда шаардык кеңештин депутаты Жумабек Салымбеков коллегаларына Бишкек мериясы аларды чайга чакырганын эскертип өттү. Бул учурда жыйын залынан журналисттер чыга элек болгондуктан, ал айткан сөзү үчүн ыңгайсыз абалга кабылып, коллегалары ал сөз бул учурда айтыла турган кеп эмес экенин эскертишти.

Футбол борборуна жер тилке бөлүүнү караган депутаттар тыныгууга тарашты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
murat17
2019-12-26 18:28:41
далбаеп экен депутаттар Ошко салсын анда Сооронбай Шарипович козомолдоп койгулачы
-1
bessmertiy
2019-12-26 18:42:14
Чайыңар тамагыңарга тыгылып калса экен. Өтө маанилүү масале каралып жатса чайга кетишкенин дурайындар.
0
Kyrgyz_bloger
2019-12-26 18:53:18
Мэр озунун строительный компаниясы менен этаж курам деген жерди бергиси келбей жатат окшойт.
+2
Tai19
2019-12-26 21:49:53
Оозундагы ашты алдырган акмактар!булар эмнеге жылдырып атат айтайнбы!?колуна кичине акча бериш керек ошондо бир кунго калдырбай чечип береи!аз акча бербей атат окшойт ошого кундон кунго жылдырып атат!жетимдерге келечек эмес акча керек озум байысам болду деген принцип мн жашайт!!!бок карындар
0
Aimani
2019-12-26 23:58:03
Бериле турган жерди бирөөгө сатып, акчасын жеп койгон да эргулдар. Эми ал акчаны кайтарып бергиси келбей айласы куруп жатышат да
0
NURSAPAR
2019-12-27 08:33:50
Узатсаңар бар саатта чечилет. Азыр заман ошондой. Таштайсың, жашайсың.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан