Жаңы жыл майрамына карата Кыргыз-Кытай чегиндеги Торугарт-Эркеч-Там өткөрүү пункту жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чектөө 1-январь күнү киргизилет.
Мындай аракет кытай тараптын демилгеси менен ишке ашырылган. Ал эми 2-январда транспорт каражаттарын жана жүк өткөрүү иштеп баштамакчы.