Биз социалдык тармакта

Салык кызматы 2 миңден ашуун унаа ээлерине айып салды

Үч айдын ичинде унаа салыгын өз убагында төлөбөгөн 2 миңден ашуун унаа ээлерине айып салынды. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Мамлекеттик салык кызматы үч айдын ичинде сентябрдан-ноябрга чейин рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө унаа салыгын өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн 2 миң 397 унаа ээлерин административдик айыпка тартты. Анын ичинен 2 миң 125 адам салыкты жеринде (банктар, терминалдар, мобилдик банкинг аркылуу) төлөгөн.

Мындан тышкары, бул мезгилде 628 миллион 5 миң сом суммасында жергиликтүү салыктар чогултулган. Анын 182,1 миллион сому транспорт салыгы, 171 миллион 6 миң сом – кыймылсыз мүлк салыгы, 274 миллион 8 миң сом жер салыгы, анын ичинен 34 миллион 2 миң сом короо-жай участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы.

Маалым болгондой, унаа, турак жай жана жер салыгын төлөө мөөнөтү бул жылы 2-сентябрда аяктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Jaznura
2019-12-27 12:32:25
эң негизгиси эрежени бузбаш керек.
+1
Ernestinio
2019-12-27 12:36:34
бизде рульда жалан гана торпоктор отурушат, эчнерсени билишпейт, эрежени сакташпайт. бир тараптуу жолдон карама каршы багытта журушот. аларга кобуроок айып пул салыш керек.
+2
kairhai
2019-12-27 13:32:15
Кээ бирөөлөр бар, унаа салыгын өмүрү төлөбөгөндөр!
+2
tular
2019-12-28 02:12:52
Бул түшкөн салыктар! Эми канчасы сол чөньөккө түштү экен, эң кызыктуусу ушул?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан