Биз социалдык тармакта

"Мэр балаты майрамында". Футболдук борборду курууга жер тилкесин бөлүүнү кароо боюнча жыйын баштала элек

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кечээ, 26-декабрда футболдук борборду курууга жер тилкесин бөлүүнү кароо маселесин бүгүн, 27-декабрга калтырышкан болчу. Бул маселе 25-декабрда каралып башталган, бирок бүгүнкү күнгө чейин жыйынтык чыга элек. Анын себебин шаардык кеңештин депутаттары чечим мэрияда калганын, бөлүнгөн жер тилкесинин юридикалык жагын карап жатканын билдиришкен.

Жыйын бүгүн саат 09:00гө белгиленген, бирок учурда саат 11:00 болсо да баштала элек.

Шаардык кеңештин депутаты Нургазы Каримов жыйындын кечигип жатканы тууралуу комментарий берди. Айтымында, алар мэрди күтүп жатышат.

"Мэрдин балаты майрамы бүгүн боло турганы мурун эле белгиленген. Ошол себептен ал балаты майрамында жүрөт. Негизи депутаттар талап койгон, мэр 9дан 10го чейин майрамда болуп, келиши керек деген. Тилекке каршы, ал кечигип жатат", - деди Нургазы Каримов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
kechirmeni
2019-12-27 11:15:56
мынча эзилет мэр, бул иште бир мандем бар,менимче бул иштин чечилбешине кызыктар окшойт
+1
aiba.8327
2019-12-27 11:24:55
Айбандар десе буларга Япониянын мыйзамын колдонуш керек кечитинби Бир манжанды кесип бересин деп....
+4
bekmaral
2019-12-27 11:51:07
Жаштардын келечеги чечилип атканда балаты майрамында балее барбы.Мындай олконун келечегин кайдигер карап озунун кызыкчылын ойлогон адамдар менен биз эчкачан онукпойбуз.Мындай мэрди карап олтурган чечкинсиз бийлик органдары менен дагы эч качан онукпойбуз.5-10 жылга артта калып баратабыз.Кошуна мамлекеттер мындайды уже салып бутушкон эбак эле.
+4
rysik79
2019-12-27 11:53:13
Мэрге акча берем десе учуп келмек.
+4
kechirmeni
2019-12-27 11:59:57
мэрге согуш жарыялансын!
+2
bulathan
2019-12-27 12:01:49
Эчки Балаты майрамына барбай койсо болбойт бекен Тушунбойт бул эмне жонундо элдин тынчы кетип жатканын
+1
bulathan
2019-12-27 12:11:15
Суракматов кетсин эшектин тушоосун чече албайт качып журот да эптеп ушинтип журуп бугунку кунду откорот да ушунчалык баары кайдыгер эчкилер
+2
bessmertiy
2019-12-27 12:21:00
Окшошкон шакалдар. Оштун мэри болгондо эчак эле футбол борбору башталса керек эле. Бишкектен жер бербесе Ошко салсын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан