Бүгүн, 27-декабрь күнү эртең менен Алматы - Нур-Султан багытына учкан учак кулап түшкөн. Жаракат алгандардын арасында Кыргыз жараны бар экенин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады.
"Кыргыз өлкөсүнүн Алматыдагы Башкы консулдугунун берген маалыматына ылайык, учактагы жүргүнчүлөрдүн арасында чет өлкөлүк жарандар дагы болгон. Чет өлкөлүк жабырлануучулардын бири Кыргыз жараны экендиги аныкталды. Азыркы тапта консулдуктун кызматкерлери мекендешибиз жаткан ооруканага кеткендиги маалым болду", - деди басма сөз кызматынан.
Азыркы убакытка алынган маалыматка ылайык, "Bek-Air" авиакомпаниясынын учагынын кыйрашынан каза болгондордун саны 15ке жетти. Дагы 30дан ашуун жүргүнчү жаракат алды.
