Биз социалдык тармакта

Министр: "Мамлекеттик тарых музейин 2020-жылы ачканга аракет кылабыз"

Мамлекеттик тарых музейи 2020-жылдын жаз айында ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов маалымат жыйынында билдирди.

Анда министр Кыргыз өлкөсүнүн немис компаниясынын алдында карызы бар, ал маселе чечилсе эле, Тарых музейи ачыларын айтты.

“Немис компаниясынын алдындагы карыз 225 миң еврону түзөт. Жыл башында бул маселени чечкенге аракет кылабыз. Балким музейди жазында ачып калабыз”, - деди министр.

Маалым болгондой, Мамлекеттик тарых музейи 2016-жылы мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен реконструкциялоого жабылган. Реконструкция соңуна чыккандан кийин музейге барган депутаттык топ музей үчүн алынган эмеректердин жана инсталяциянын баасы өтө жогору экенин айтып чыгышкан. Мындан кийин УКМК Тарых музейине жумшалган каражатты иликтөөгө алып, анын негизинде мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jaznura
2019-12-27 16:27:59
Сапардын баштаган иши бүтпөс болду го.
0
Absamat-90
2019-12-27 16:39:19
Немистерге карызды Сапар төлөсүн.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан