Биз социалдык тармакта

Футбол борборун куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү маселеси дагы чечилген жок. Кыргыз өлкөсү гранттан куржалак калышы мүмкүн

Бүгүн, 27-декабрда Бишкек мэриясында шаардык кеңештин депутаттары Футбол борборун куруу үчүн жер тилке бөлүп берүү маселесин карашмак. Бирок бүгүн да бул маселе боюнча чечим чыкпай, кийинки жыйын 14-январга жылды.

Ошентип бул маселе 3 күн катары менен каралып, бирок ошого карабастан, чечим чыкпаган бойдон калды. Ал эми жер тилке бөлүп берүү маселеси жалпы жонунан жарым жылдан бери каралып, создуктурулуп келе жаткан.

Ошондой эле бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин "Республика-Ата-Журт" фракциясы мэр Азиз Суракматовго ишенбөөчүлүк көрсөтөрү маалым болду. Шаардык кеңештин айрым депутаттарынын айтымында, чечим бир гана мэрдин колунда калып кармалып жатат.

Буга чейин Футбол федерациясынын өкүлү Нурдин Букуев SUPER.KG порталына берген маегинде "Футбол борборун курууга 31-декабрга чейин жер маселеси чечилбесе, ФИФА грантты башка өлкөгө берип коёт" деп айткан. 5 миңдей жаш футболчулар тарбиялана турган футбол борборун курууга Бишкектин түштүк тарабынан 8 гектар суралып жатат. Анда 5 миң кишиге ылайыктуу стадион, 4 кичи стадион, медициналык борбор жана башкалар чогуу курулат.

14-январга жылдырылганына караганда, ал эми акыркы мөөнөт 31-декабрга чейин белгиленгендиктен, Кыргыз өлкөсү грантсыз калышы ыктымал.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
murat17
2019-12-27 19:04:16
муну артында башка нерсе жатат кетсин ит Суракматов
+7
D.I.D.
2019-12-27 19:33:55
Оозун ачкан энеңди урайындар!ФИФА грантты өзү бөлүп берип атат,ошондо да булар кичинекей жерди бөлүп бере албай эзилип былжырап отурушат.Башка элдерге уят болуп бүттүк го
+4
кыргыз Алик
2019-12-27 19:47:57
Бул кандай акмактык кенебестик!Курулуш компанияларга тез эле жер берилет ко,кыргыздын кызыкчылыгна келгенде ушундай болуп калабы?ФИФА озу грант аркылуу куруп берем деп атса, жер бербгендик кыргызга душмандык кылуу менен барабар,эгер футолдук борбор курулбай калса мэрди жоопкерчиликке тартып эл душманы катары камаш керек!
+3
bekmaral
2019-12-27 19:51:35
Митинг уюштурса Суракматов кетсин деп мен созсуз чыгам!Кетсин Суракматов эркекче.
+3
Musafir
2019-12-27 20:00:01
Блин курман раазы болсун, ушулбу сенин чыныгы мэрлик жүзүң? Ахмак экенсиң, даяр тамакты эптей албадың.
0
murat17
2019-12-27 20:25:38
жок бул жерде башка саясат бар жинди дагы бекер акчага салмак неге мындай болду Суракматов ит билет
+1
Aimani
2019-12-28 00:51:40
Өзүнүн жеке кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыгынан өйдө коюп жатат сойрук мэр. Президент унчукпаганына караганда доляда болуш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан