Биз социалдык тармакта

Асылбек Кадралиев Бишкек шаардык кеңешинин депутаты: "Грант тийбей калышы өкүнүчтүү, ыйлагың келет. Тилекке каршы, ушундай мэрибиз бар экен"

Бүгүн, 27-декабрда Бишкек мэриясында шаардык кеңештин депутаттары Футбол борборун куруу үчүн жер тилке бөлүп берүү маселесин карашмак. Бирок бүгүн да бул маселе боюнча чечим чыкпай, кийинки жыйын 14-январга жылды.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Асылбек Кадралиев өкүнүчтүү жагдай болуп жатканын билдирди.

"Президент Жээнбековдун саясаты - өлкөдө социалдык тармакты өнүктүрүү, жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү. Ушуларды көрүп, башка жетекчилер да ушул багытта иштеши керек эле. 10 миллион долларлык грант даяр болуп турса, ири инвестицияны ала албай жатса, мэрдин мындай кылганына ишеним болбойт. Коммерциялык имараттар салынып жатат, ал эми социалдык имараттар салынган жок. "Республика-Ата-Журт" фракциясы мэр Азиз Суракматовго ишенбөөчүлүк көрсөтүп, добушка койду.

Футбол федерациянын айтымында, грант тийбей калышы мүмкүн. Бул өкүнүчтүү, ыйлагың келет. Тилекке каршы, ушундай мэрибиз бар экен. Жеке пикирим, бул кишини мэр кылып шайлап жатканда өтө жаңылышыптырмын.

Мэр меморандум киргизди, бирок мурда убадалашкандай кылып киргизген жок. Анда бул иш аткарыла албагандай болгон шарттар коюлган. Анын бири акча бар экендигинин далилин азыр бергиле деген шарт. Мындай сунуш кагаз түрүндө мэрия Футбол федерациясына жөнөткөн эмес. Гранттын бирден бир талабы - салынган имараттарга акысыз уруксат болот деген талап меморандумга кирген эмес. Азыр мыйзам чегинде миллион себеп таап, биз кыла албай койдук деп коёт. Бирок ошол эле "Газпром" мектебине уруксат бере алдык. Ал жерде ар бир окуучу 22 миң сомго окушат. Бул жерде Футбол борбору акысыз болот деп жатат. Кылбайм дегенге себеп миң, кылам деген киши кылат", - деди ал.

Буга чейин Футбол федерациясынын өкүлү Нурдин Букуев SUPER.KG порталына берген маегинде "Футбол борборун курууга 31-декабрга чейин жер маселеси чечилбесе, ФИФА грантты башка өлкөгө берип коёт" деп айткан. 5 миңдей жаш футболчулар тарбиялана турган Футбол борборун курууга Бишкектин түштүк тарабынан 8 гектар суралып жатат. Анда 5 миң кишиге ылайыктуу стадион, 4 кичи стадион, медициналык борбор жана башкалар чогуу курулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Musafir
2019-12-27 19:57:14
Курман раазы болсун, булгадың баарын сасытып булгадың, даяр грантты эптеп курдура албай башка өлкөгө өткөрүп жиберейин деп турасың жеп жутар.
+8
bekmaral
2019-12-27 19:57:29
Мэркет.Мэркот.Меркет.
+10
chake
2019-12-27 20:48:28
Албектин жүздөгөн гектар жерлери бар экенго ошону конфискация кылып таап бербейт белеңер
0
milan-707
2019-12-27 21:40:27
Жерди мен берем бирок Кадамжайда 8гектар чыкпасадагы 25сотек чыгат ФИФА келебер
+2
Azatbek.Svoboda.
2019-12-28 10:21:01
milan-707,Азаматсын жери жок кыйналгандарга бер.Там салып алышсын сооп болот!
+1
Kyrgyz_bloger
2019-12-28 00:12:31
14 январга чейин эс алууга каршы чыгыш керек,кайсы ишти кылып чарчашыптыр
+8
murat17
2019-12-28 09:45:22
Kyrgyz_bloger,биз жаштар бир болуп бир муштум болуп туйулуп бул мер Суракматовко каршы чыгышыбыз керек булар бийликти оз кызыкчыгылы учун каалагандай калчай башташты булар учун жаны муундун келечеги кызыктырбайт бул жерде олтуруп чурулдай бербей бир жолун таап жолугуп чыгалы эгер сен блогер болсон президентке кайрылуу кылып бул тоок мээ мерди жок кылып анан ушул ишти жаны жылга чейин чечсин
+1
kanybek1986
2019-12-28 00:17:49
Мэр отставкага кетсин чечалбагандан кийин
+9
Aimani
2019-12-28 01:13:15
Шарт койгонду ким коюптур ага
+6
murat17
2019-12-28 09:47:29
мен кыргызмын мен патриотмун дегендер чогулалы бир жолун таап жолугалы мерди кетирип жаны жылга чейин ушул ишти чечип берсин
+4
Azatbek.Svoboda.
2019-12-28 10:24:20
Бунунда устундо бироо турат буйрук берип.А.Жээнбеков дегендей ажыдаар ошол буйрук берип жаткандыр!Эркек болсо чындыкты айтсын бироо колдогончо миллион адамдын колдосун сообуна каласын!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан