Биз социалдык тармакта

30-декабрда футбол күйөрмандары митингге чыгышат

Кечээ, 27-декабрда Бишкек мэриясында шаардык кеңештин депутаттары Футбол борборун куруу үчүн жер тилке бөлүп берүү маселесин карашкан. Бирок аталган маселе боюнча чечим чыкпай, кийинки жыйын 14-январга жылган болчу.

Мындан улам футболго кайдыгер эмес жарандар 30-декабрда митингге чыгууга даярданып жатышат.

"Биз футболдун күйөрмандары 30-декабрда саат 11:00дө шаардык кеңештин имаратынын алдына митингге чыгабыз. Бул акцияга спортко кайдыгер эмес жарандар, футбол сүйүүчүлөрү келе турганы күтүлүп жатат.

Бул көйгөй бир эле спорт күйөрмандарын тынчсыздандырбаш керек, аталган маселе баарыбызга тиешелүү жана ал курула турган борбордо биздин келечек муун, балдарыбыз окуп машыгышат.

Эгерде биз бул мүмкүнчүлүктү колдонуп калсак, анда спорт, футбол жаатында ийгилик жаратууга чоң жол ачылат, өсүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эгер бул борборго жер тилке бөлүнүп, имарат салынып калса футболдун жаңы жылдыздары чыгып, биз алар менен сыймыктанып, колдоп, коштоп турмакпыз", - дешет футбол күйөрмандары.

Футбол борбору үчүн жер тилкеси боюнча мэрия буга чейин төмөнкүдөй түшүндүрмө берген.

"Шаарда Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна ылайык, жер тилкелерин берүүгө мораторий жарыяланган. Ушундан улам, шаар мэри кыргыз элине таандык болгон жер тилкелерин жана муниципалдык мүлктү өзүм билемдик жолу менен берүүгө укугу жок. Жер пайдалануу процедурасы жоболордо так жазылып, Бишкек шаарындагы жер тилкелерди ижарага берүү укугун берүү боюнча комиссиянын карамагына кирет", - деп билдирген мэрия.

Буга чейин Футбол федерациясынын өкүлү Нурдин Букуев SUPER.KG порталына берген маегинде "футбол борборун курууга 31-декабрга чейин жер маселеси чечилбесе, ФИФА грантты башка өлкөгө берип коёт" деп айткан. 5 миңдей жаш футболчулар тарбиялана турган футбол борборун курууга Бишкектин түштүк тарабынан 8 гектар суралып жатат. Анда 5 миң кишиге ылайыктуу стадион, 4 кичи стадион, медициналык борбор жана башкалар чогуу курулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Musafir
2019-12-28 15:10:09
Мэрия эми актана баштаганго, кандай болгон күндө да жерди бөлүп бериш керек эле, бул курман раазы болсунду аша алып келген эледа, мунуда ашанын аркасынан айдаш керек, болбойт мындай жаштардын душманы, саткын мэр. Ушунун шалаакылыгынын айынан ушул спорт комплексти алдырып ийебизго кошуна өлкөлөрүнө. Жерди силер берсеңер Кыргыз жаштары үчүн берип жатасыңарда.
+6
TalaCSKA
2019-12-28 15:59:02
Кайдагы мораторий!!!????анда эмнеге южный магистралды жээктей улам улам жаны турак жайлар курулуп атат?же эмне бизнесмендер мыйзамдан бийлик турабы?эй акмак депутаттар жана акмак мэр элдин келечегин ойлогула!атанардын башындагы 14 январь бы грант 31чи декабрь деп турат же эмне ушунчалык тупойсунарбы ???
+12
murat17
2019-12-28 16:49:39
TalaCSKA,эн туура
+2
kechirmeni
2019-12-28 16:08:46
Буткул кыргыз эли бетине тукурсо да аздык кыла турган болуп калды ушул маселени чечпесен
+7
nazarKGZ
2019-12-28 16:40:25
Эл учун эчким иштебейт баары акча учун иштешет
+2
murat17
2019-12-28 16:48:54
кудай буюрса мен дагы барам
+5
souza.j
2019-12-28 16:58:06
Конституцияга киргизилген мароторийди тебелеп отуп кеттинер эле го. Юрист брат
+1
kechirmeni
2019-12-28 16:59:54
котангенс экен
+2
milan-707
2019-12-28 17:01:03
Каясыл жерде болот мен барам
+3
chake
2019-12-28 17:40:21
фифа салса билеттен түшкөн акчалар да ошол жака кетет экен андан көрө өзүбүз эле куралы
-4
max-bek
2019-12-28 17:51:33
chake,футбол борборуна анча деле коп адам кире турган стадион болбойт.аз эле орундуктары бар майда,чон орто футбол талаалары курулат.ал жерден эч канча акча тушпойт. Грант болсо салдыра бериш керек. Жер болуп берип калса биздин эшекеминерлер.
+4
murat17
2019-12-28 19:10:04
chake,сен Сурабалдиевдин баласы окшойсун кура берсин бекер акчага жана бул жерден канчалаган жаш балдар тарбияланат
+1
rysik79
2019-12-28 17:59:16
Мэрге жанагы чимкирик какырык тукурукторго пайда жок болуп калды да. Фифа ашыкча акча жедирбей койгон учун эле жер жок деп коюшту
+1
bond02
2019-12-28 18:27:57
Бул митингдин артында да бироо турат, айтып жаткан грантка козу кызарып жей калайын деп.
-4
kansuluu
2019-12-28 23:32:00
Гантты кандай шартта берип жатат? урматтуу Супер инфо кененирээк маалымат берип койгулачы?
0
kansuluu
2019-12-28 23:33:53
Кечиресиздер Грантты
-1
salamat93
2019-12-29 12:55:59
Чыгыш керек
-1
Nazar76
2019-12-29 15:15:13
Бишкектин Мэри Оштун мэриндей болгондо жаштарды колдомок эле
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан