Биз социалдык тармакта

"Баткен" аэропортунун жетекчиси президентке кайрылуу жасады

Кечээ, 28-декабрда "Ош" аэропортунун жетекчилиги тарабынан кысымга кабылып, жумуштан кетүүгө мажбур болгонун "Баткен" аэропортунун жетекчиси Нургазы Жаныбеков билдирип, президент Сооронбай Жээнбековго видео кайрылуу жасаган.

Ал өзүнө бир топ убакыттан бери Баткен облусунун прокурору Абдибакыт Халмурзаев тарабынан кысым, коркутуу болуп жатканын билдирген. Мындан улам ал 31-декабрь күнү өз арызы менен жумуштан кетүүгө мажбур экендигин кошумчалаган.

"Бүгүнкү күндө "Баткен" аэропортунда сабатсыз кызматкерлер дагы иштейт. Бул тууралуу мен "Ош" аэропортунун кадрлар бөлүмүнө бир нече жолу кат жүзүндө кайрылгам. Бирок Оштун жетекчилиги бул нерсеге көңүл бурган эмес. Билимдүүлөр калып кетип, билимсиздер башкарып, коррупциянын бети ачылбай жатат", - деп билдирген ал.

Ал Кыргыз өлкөсүндө авиация тармагында коррупция күч алганын, "Баткен" аэропорту “эл аралык” макамынын талаптарына жооп бербесин өлкө башчысына кайрылуусунда айткан.

Нургазы Жаныбеков 2018-жылы 4-июлда "Баткен" эл аралык аэропортунун жетекчиси болуп дайындалган.

SUPER.KG порталы экинчи тараптын да оюн угуп, жарыялоого даяр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
JaneEr
2019-12-29 11:10:51
Туура.Чон суммадагы акча менен любой дабдырды аэропортко ишке алат Ошто.
+21
bond02
2019-12-29 11:32:37
Акча бар мээ жок, азыр ушундай адамдар чон кызматтарда отурушат.
+16
Dembele84
2019-12-29 11:38:41
Аэропортко кириш учун ото чон суммада акча сурайт экен.Анын билими барбы,сабаттуу сабатсыз уруп ойнобойт экен.
+15
mers8
2019-12-29 12:36:40
Оштун аэропортунада бир козу жымшык пес аяал бар.Акча учун олуп калган постаяана акча алат грам отуп кетседа толойсун деп жаны кащайтат
+16
Atas
2019-12-29 15:43:21
mers8,Ошондойлорду жумуштан алыш керек , азыр кайда барба билими төмөн кызматкерлер акчанын күчү менен, тааныш билиш аркылуу ишке орношот , чет жактан келгендерди да мистейип , герсейип тосуп алышат Ош - Манас аба майдандарында кызматтык этиканы билбегендер иштегени өкүндүрөт анан Кыргызстан кантип өнүккөн мамлекет болот .
+5
Altyn.bala
2019-12-29 13:13:57
Соргонбайдан умут кылбай эле койсонуз болмок.Кайра эле озунуз куноолуу болуп чыга келесиз.Себеби фактыныз жок да.
+19
tular
2019-12-29 17:09:14
Altyn.bala, эң туура
+7
zhaku2017
2019-12-29 13:20:04
Сооронбай Жээнбеков эч кандай калыс позициясы жок адам. Сооронбай озунун жакын адамдарынын кызыкчылыгын коргош учун ар кандай шылтоолорду айтып жатат. Бир нерсе болсо эле мен билбейм, сот билет, мен коргон жокмун, факт бергиле деген сыяктуу.
+11
nazarmat92
2019-12-29 15:59:19
Факт жок да бир тууганым (((
+7
elchi84
2019-12-29 18:47:42
Азыр деле мурун деле билимдүүлөр калып билимсиздер(кошоматчы ,тааныш тууган) ишке орношуп жатышат.Ошол себептен өнүкпөй коррупция өнүгүп өсүп жатат.
+7
Alia82
2019-12-30 01:52:48
Чындыкты билгиси келсе оной эле табат факт, билгиси келбесе жок дейт да
+3
xnurgul_gul
2019-12-30 12:21:25
Анан Аэропортто тачкилер жетишсиз толтура товар жуктоп келсен, 3 самолет бир конду жок деп анкылдапшат,башка чет элдегидей 150 самолет консо анда куурамак экенбиз.Анан дагын экинчи маселе, Аэропорттоку ачка калгандарды тамагын бираз тешип койгулачы, качан каяктан келсен Акча тиленип отурушат,бул эмне бизнеспи деп 1 блок памперсти коруп алып
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан