Биз социалдык тармакта

Бут кийими жана күрмөсү күйүп баштаган. Ноокатта тандырдын ичине жылынганга кирип, күйүп баштаган жарандын өмүрүн милиция кызматкерлери сактап калышты

Ноокатта милиция кызматкерлери түнкү рейд учурунда жарандын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-декабрдан 28-декабрга караган түнү түнкү рейдке чыккан милиция кызматкерлери Ноокат шаарынын борборунда жайгашкан тамактануучу жайдын самса жабуучу тандырдын ичинде күйүп баштаган жарандын өмүрүн сактап калышкан. Болжол менен түнкү саат 01:15 чамасында түнкү рейдде жүрүшкөн милиция кызматкерлери Эрмекбай уулу Өмүрбек жана өспүрүмдөрдүн иши боюнча инспектор Уларбек Кожошовдор күзөттө жүргөн убакта тандырдын ичи түтөп жатканын байкап калышкан.

Башка кундөрү бул жайда от жагылбаганын билишкен милиция кызматкерлери эмне күйүп жатат деп тандырды карашкан. Анда самса жабуучу тандырдын ичинде эс учун жоготкон белгисиз жарандын кийимдери күйүп баштагандыгын көрүшкөн. Ыкчамдык менен ал жаранды тандырдын ичинен алып чыгышып, күйүп жаткан кийимин өчүрүшүп, алгачкы медициналык жардамды көрсөтүшкөн. Андан соң "Тез жардам" кызматы келип, жаранды Ноокат райондук ооруканасына алып кетишкен.

Ал жаран Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну 1982-жылы туулган А.А. аттуу тургуну болгон. Ал тандырдын ичине сыртта катуу суук болуп үшүгөндүктөн ичине кирип жаткандыгын, тандырдын чогу өчпөгөндүктөн, түтүнгө ууланып эс учун жоготуп койгондугун билдирген. Ал жарандын бут кийими жана күрмөсү жаңыдан күйүп баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Alia82
2019-12-30 10:33:25
Азаматтар! Аллах раазы болсун силерге, Кудайым эселеп кайтарат жакшылыкты
Ичер суусу тугонбоптур эле да, Кудай сактасын
+9
Dembele84
2019-12-30 17:13:01
Тандырга кирип кулго да Адам жатабы?
-2
Paol
2019-12-31 09:36:05
Байкуш катуу үшүгөн го милициоенерои спасибо)
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан