Дин кызматкерлери өлкөдөгү расмий майрамдарды майрамдоого каршы үгүт иштерин жүргүзө алышпайт. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлады.
"Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ар бир Кыргыз жараны майрам күндөрү эс алууга укуктуу. Мусулмандар дин башкармалыгы расмий майрамдарга эч кандай чектөө коё албайт, мамлекеттин иштерине жана саясатка аралашпайт. Буга байланыштуу мусулмандардын алымдар кеңеши мамлекет тарабынан бекитилген расмий майрамдарды майрамдоо же майрамдабоо ар кимдин өзүнүн ыктыяры экендигин Муфтияттын структурасында иштеген дин кызматкерлерине маалымдаган ички буйрукту чыгарды", - деди басма сөз кызматынан.