Биз социалдык тармакта

Футбол федерациясынын вице-президенти Дастан Конокбаев: "Футбол борбору Сокулук районунда курулат"

Бүгүн, 30-декабрда Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын жетекчилиги футбол сүйүүчүлөрү жана күйөрмандары менен жолугушуу өткөрүп жатат. Анда Бишкекте Футбол борборун куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүүнүн тегерегинде акыркы күндөрү болуп жаткан сөздөр талкууга алынат.

Футбол федерациясынын вице-президенти Дастан Конокбаевдин айтымында, Футбол федерациясы менчикке жер албайт. "Мэриядан жер берүүнү эле сурандык, жер бөлүп берүү чечимин, жер тилкесин көрсөтмөйүнчө толук долбоорду да көрсөтүү мүмкүн эмес. Эмнеге Бишкекти тандадык? Кыргыз Премьер-Лигасында ойногон клубдардын көбү Бишкекте. Оштогу академия да стадиондун жанына курулган. Кара-Балта шаарын карадык, ал жакта жакында футбол талаасы курулат. "Алга Бишкек" командасынын академиясы, инфраструктурасы жок. Футбол борбору - "Алганын" үйү жана улуттук курама команданын базасы болот.

Менчикке өткөрүү деген маселе бизде жок. Футбол борборун куруп бүткөндөн кийин мэриянын балансына өткөрүлөт. Оштогу футбол борборун да мэрияга өткөрүп бергенбиз, бирок алар бизге башкарууну өткөрүп берген.

Учурда Орок айыл өкмөтүндө айылдык кеңеш болуп жатат. Футбол федерациясынын жетекчилиги учурда сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Орок айыл өкмөтүндө Футбол борборун курууга бир канча гектар жер бөлүп берүүсү каралууда.

Бишкек мэриясы боюнча суроо ачык, бирок футбол борбору курулбайт. Бишкекке "Алга" клубу үчүн стадион куруу үчүн сүйлөшүү жүрөт. Футбол борбору Чүй облусунун Сокулук районунда курулат",
- деди Конокбаев.

Футбол борборуна жер тилке бөлүү чуусу: Объект Бишкек шаарына курулбай калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
kechirmeni
2019-12-30 10:45:30
ошондо 31ине успеть этесинерби?
+2
TalaCSKA
2019-12-30 11:24:07
Сокулук районуна курулуп калса анда жакшы Орок айылы Бишкектен андай деле алыс эмес.бирок Бишкек шаарынын мэриясы жана 21 депутаты силерге ХХХХХ!!!
+11
kechirmeni
2019-12-30 11:38:59
TalaCSKA,кой анчалыкка кетпе, бироону каргаган жакшы эмес, бироону каргасан ал адам каргышка татыктуу болбосо кайра озуно тиет деген соз бар,куноосуно жараша жазасын алышат. Негизгиси чечилип калса жакшы болот эле
-4
murat17
2019-12-30 12:27:44
kechirmeni,эмнеге татыктуу эмес татыктуу эле ошол депутат ХХХХ
+2
kechirmeni
2019-12-30 12:29:15
бироого олум тилебей озубузго, жакындарыбызга омур тилейли
+2
altyn-kumush
2019-12-30 12:37:57
Кандай болгон күндө да футболчулардын жаркын келечеги үчүн заманбап стадион куруу керек.
0
Absamat-90
2019-12-30 12:53:36
Баарын эле Бишкекке топтой бербей аймактарды онуктургон да жакшы. Тесерисинче Сокулукта курулганы жакшы, шаардан анча алыс эмес.
-4
Nurgazy80
2019-12-30 13:43:20
Пейилибизге эле жараша болуп атат өзү. Ошон үчүн кийинки шайлоодо пейилибизди түздөп, напсини тыйсак ушуга окшогон нерселер болбойт деп үмүт кылам
-2
milan-707
2019-12-30 15:03:57
Биз конуп калдык 5мин берсен шайлап койбуз дагы 5 жыл журобуз жеп жутарлар деп 5мин коргондо бар жок эстен чыгат
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан