Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 27 жаштагы эркек киши үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-декабрь күнү Чүйүт-Сай айылынын тургуну үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат 102 кызматына келип түшкөн. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 15 куткаруучу, ИИМден 3 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 6 адам тартылган.
Кеч киргендигине байланыштуу саат 16:20да убактылуу токтотулган. 30-декабрь күнү издөө иштери улантылат.