Бүгүн, 30-декабрда Бишкек мэри Азиз Суракматов футбол борбору боюнча маалымат берди. Суракматовдун айтымында, Футбол федерациясы менен сүйлөшүүлөр дагы да болсо уланууда.
Футбол федерациясы Сокулук районунун Орок айыл өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында футбол борборун куруу үчүн жерди бөлүп берүү келишимине келген.
"Мэрия жер бербей коюп, Футбол федерациясы Сокулук районуна салмай болду. Буга кандай карайсыз? Шаардагы балдар кайсы жактан машыгышат?" - деген өңдүү суроолорго Азиз Суракматов толук жооп бербей, журналисттердин петличкаларын да чечпей, кабинетине кирип кетти.