Биз социалдык тармакта

Биринчи Май райондук соту Башкы прокуратуранын "Сапат" лицейинин эки кызматкерин Түркияга өткөрүп берүү чечимин жокко чыгарды

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн, 30-декабрда Башкы прокуратуранын "Сапат" лицейинин эки кызматкерин Түркияга өткөрүп берүү тууралуу чечимине карата жактоочунун даттануу арызы каралды.

Учурда соттук отурум аяктады.

"Сапат" лицейиинин кызыкчылыгын жактаган жактоочу Дилшат Расулов: "Башкы прокуратуранын токтому жокко чыгарылды. Сот жактоочулардын даттанууларын канааттандырып, Сенан Йылмаз менен Санжар Абдулхакимди Түркия мамлекетине өткөрүп берүү тууралуу токтомду мыйзамсыз деп тааныды. Эгер айыптоочу тарап апелляциялык арыз жазса, кийинки отурум шаардык сотто өтөт", - деди жактоочу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан