Жыл башынан бери Мамлекеттик салык кызматынын маалымат борборуна актуалдуу салык маселелери боюнча кеңеш алуу үчүн 76 миң 200 жарандан кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кайрылуулардын саны 20 миң 460 чалууга өскөн. Биринчи жарым жылдыкта чалгандардын 70 пайыздан ашууну бирдиктүү салык декларациясын толтуруу жана берүү тартиби боюнча болгон. Июль жана август айларында жарандар жер салыгынын, унаа жана кыймылсыз мүлк салыктарынын ставкаларын эсептөө, ошондой эле бюджетке салык төлөө жол-жоболору жана ыкмалары менен байланышкан суроолорду беришкен.