Биз социалдык тармакта

Татарстандын президенти Раиса Атамбаевага унаа белек кылды деген маалыматты президенттин басма сөз кызматы четке какты

Татарстандын президенти Рустам Минниханов Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаевага унаа белек кылып, айдоочу да жалдап берген деген маалымат тараган. Бул маалыматты Татарстан президентинин басма сөз кызматы четке какты.

"Президенттин атынан Атамбаевага эч кандай унаа берилген эмес. Рустам Минниханов Кыргыз өлкөсүндө 2019-жылдын июнь айында татар диаспорасы менен жолуккан. Анда активисттер "Туган тел" татар борборуна унаа белек кылуусун өтүнүшкөн. 2019-жылы бул уюм 30 жылдыгын белгилегенин эске алып, Минниханов муну колдогон. Бул сураныч Дүйнөлүк татар конгрессиниин алкагындагы атайын фондго жөнөтүлүп, кабыл алынган. Фонд унаа сатып берип, диаспорага тапшырган. Унааны диаспора кантип колдонот, аны өздөрү чечет", - деп айтылат маалыматта.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы татар улутунан. Буга чейин Раиса Атамбаева Бишкекте аялдамада коомдук транспорт күтүп жаткан сүрөттөрү талкуу жараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Jaznura
2019-12-31 11:37:05
Раиса Атамбаевага жөө жүргөн жарашат.
-10
Paol
2019-12-31 19:45:40
Jaznura,кой антпениз сиздин да энениз бар
+7
Absamat-90
2019-12-31 11:39:44
Кээде жигит төө минет, кээде жөө деген. Бул жерде жөн гана пиар боуп жатат. Атамбаевдердин банктык реквизиттери тондурулган,азыр банк аркылуу акча которо албайт. Ошондуктан балким татарстандагы бизнессинин кирешесин унаага айландырды.Эн кызыгы унааны башка бироого каттаткан экен. Мунун баары шек жаратпай койбойт.
-5
Alimbek1000
2019-12-31 11:46:40
Маршруткада эле жүрө берсин акчабыз калбай калды деп атты эле го.
-3
Alimbek1000
2019-12-31 11:51:12
Раиса жеңемдин куулугу АШАкемден да өтүп түшчүдөй го
-5
Altyn.bala
2019-12-31 12:06:52
Атамбаевтин авторитети Сокенинкинен караганда тоочолук ойдо.Сокени Москвадан ким тосуп алганын кордунор да.
+6
bond02
2019-12-31 12:09:36
Аа, анда торкунуно алып кетсин Раисасын.
-3
chake
2019-12-31 13:42:58
Уят деген жок дагы эле ач көздүк кылып жатат кыргызстанда 3 орунда турган адамдын жасаган ишин көрүп күлкүң келет
-3
toktor89
2019-12-31 18:38:21
Минус баскандар силер да ашанын камандасы окшойсунар?
Ашанын 1000сомдуктары
-4
BEKAjan
2020-01-01 01:13:00
toktor89,Ашанын жалагычтары... Буларга берип турган Кытайдан жеген акчадан.
-3
BEKAjan
2020-01-01 01:14:22
Кытай.га карызды төлөсүн болбосо кыргыздын балдарыны убалы урсун жегичтерди!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан