Кыргыз өлкөсү боюнча 31-декабрда 10 миңден ашык милиция кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөйт. Ички иштер министрлиги билдиргендей, Жаңы жылга карата укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте иштейт.
Бишкек шаарында 2 жарым миңден ашык милиция кызматкерлери коомдук көзөмөлдү сактайт.
Ошондой эле бүгүн "Тез жардам" кызматы да күчөтүлгөн тартипте иштейт. "Ала-Тоо" аянтында бир канча "Тез жардам" бригадасы иш алып барат.