Бишкекте 31-декабрда "Ала-Тоо" аянтында концерттик программа өтөт. Бишкек мэриясы билдиргендей, аталган программа саат 20:00дө башталат.
Концерттик программада бир катар ырчылар сахнага чыгышат. Программанын алкагында Аяна Касымова, Иса Өмүркулов, Султан Каримов, Динара Акулова, Кайрат Примбердиев, Гүлжигит Калыков, Расул Маматкулов, Бактыяр Токторов, Салтанат Аширова, Съездбек Искеналиев, Замир Арыкбаев, Омар, Арсен жана Марс Мамаев шаардыктарга жана конокторго майрамдык маанай тартуулашат.
Ошондой эле Жаңы жылдык салют аттырылат.