31-декабрда Бишкекте "Ала-Тоо" аянтында Жаңы жылга арналган концерт өттү.
Концертке белгилүү ырчылар катышты. Аяна Касымова, Иса Өмүркулов, Султан Каримов, Динара Акулова, Кайрат Примбердиев, Гүлжигит Калыков, Расул Маматкулов, Бактыяр Токторов, Салтанат Аширова, Съездбек Искеналиев, Замир Арыкбаев, Омар, Арсен жана Марс Мамаев шаардыктарга жана конокторго майрамдык маанай тартуулашты.
Концерттик программа асманга фейерверк аттыруу менен жыйынтыкталды.