Биз социалдык тармакта

Бишкектеги абанын булганышы нормадан жогору

Бүгүн, 1-январь саат 1:40га карата Бишкекте абанын булганышы нормадан жогору. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.

Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды "Эйрказ.орг" сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.

Бейшеналиева-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде учурдагы көрсөткүч - 231 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 135). Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.

Москва-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде 91 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 124).

7-кичи район - 73 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 84).

Чыгыш-5 кичи району – 69 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 92).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Muslim_KGstana.
2020-01-01 03:41:28
Качан эле таза болуп жатты эле,
Болду эми дальше ушинтип жашайбыз.
+3
bond02
2020-01-01 04:20:11
Дагы салют аткыла.
+3
Agayu
2020-01-01 05:31:17
Ырас болуптур ! Башка сөзүм жок !
+2
Qwer007
2020-01-01 08:18:12
Баш иштебесе буттун шору..бийлик газды, эл.энергияны арзандатса мындай болмок эмес. Эми абаны тазалайбыз деп 2 эсе акча сарпташат. Алматыда эч тутун чыгып жатканын корбойсун... баары газ свет. Болбосо унаа Бишкеке караганда коп
+2
didu
2020-01-01 08:34:31
Ошко келгиле зимнее свежесть аба тап таза
+3
Mina24
2020-01-01 21:53:05
Нарынга келгиле аба таза транспорт аз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан