Биз социалдык тармакта

"Президенттин куттуктоосу лед экран аркылуу аянттагы элге көрсөтүлдү". Жалал-Абад шаарындагы жаңы жылдык иш-чарадан сүрөт

31-декабрда өлкөнүн жети дубанында Жаңы жылга карата майрамдык иш-чаралар өттү. Иш-чара ар бир облуста ар кандай болду. Жалал-Абад облусундагы майрамдык концерт кандай өткөнү тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабар алдык.

"Жаңы жылга карата кайрымдуулук куттуктоолор болгон. 31-декабрда кечинде шаардын борбордук аянтына орнотулган балатынын алдында концерт өттү. Иш-чаранын жүрүшүн, тургундардын куттуктоолорун, маанайларын жергиликтүү телеканалдардын биринен 3 саат бою түз алып көрсөттүк. Мындан тышкары, президенттин куттуктоосун лед экран аркылуу аянттагы эс алуучуларга түз алып көрсөттүк. Сааттын жебеси 00:00дү какканда, 10 мүнөт бою фейерверк атылды.

Коомдук транспорт түнкү саат 02:00гө чейин каттап, жүргүнчүлөрдү ташыды", - деди басма сөз кызматынан.

Бүгүн, 1-январда аянтты "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери тазалап, таштандыларды чогултуп кеткенин кошумчалады шаардык мэриядан.

Өлкөнүн жети дубанында Жаңы жыл кандай белгиленди?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nargizab
2020-01-01 13:22:18
Менин шаарым сагындым.
+4
chake
2020-01-01 13:43:57
Жаңы жылыңыздар менен урматуу кыргыз элим
-2
altyn-kumush
2020-01-01 13:48:25
Жаңы жыл ийгиликтүү жана талыкпас эмгек менен ийгиликке жетишкен адамдардын жылы болсун.
-5
Absamat-90
2020-01-01 15:20:21
Жаңы жыл жакшы жыл болсун,кут береке алып келсин элибизге. Өлкөдө тынчтык ынтымак биримдик болсун!
-5
elchi84
2020-01-01 16:10:55
Эми озунордун чонтогунордон кетпегенден кийин 10 минут атасынарда саллютту.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан