Биз социалдык тармакта

Балатынын айланасында селфи кылган жаштар... Караколдо Жаңы жыл кандай өттү?

Ысык-Көлдүн тургундары үчүн Жаңы жылдык салтанат 31-декабрда саат 15:00дө башталды. Концерттик иш-чара жергиликтүү таланттардын катышуусунда өткөнүн Каракол шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Шаар тургундары жана меймандары үчүн саат 15:00дөн баштап 17:00гө чейин оюн-зоок болду. Саат 19:00гө чейин ыр, бий менен коштолгон концерт болду. Жаңы жылдык иш-чаранын расмий бөлүгү саат 22:30да башталды. Ага өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев, шаар мэри Адыл Каниметов жана Каракол шаардык кеңешинин төрагасы Эрлан Айсаракунов катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты. Расмий иш-чара фейерверк атуу менен жыйынтыкталды", - деди маалымат кызматынан.

Мэриянын маалымат кызматынан майрамга 10 миңге чукул адам келгенин кошумчалады.

Өлкөнүн жети дубанында Жаңы жыл кандай белгиленди?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан