Чүй облусуна караштуу Жайыл райондук ооруканасына 16 адам ууланып түшкөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
"31-декабрь күнү саат 17:30да 16 адам ууланган абалда ооруканага келип түшкөн. 15 жабырлануучуга амбулатордук жардам көрсөтүлүп, арасынан 5 жаштагы кыз ооруканада калтырылган. 1-январда кыздын абалы туруктуу болуп, ооруканадан чыгарылган. Жабырлануучулардын тапшырган анализинин жыйынтыгында тамак-аштан ууланганы (ботулизм эмес) аныкталган.