Биз социалдык тармакта

Бишкектеги абанын булганышы нормадан жогору

Бүгүн, 7-январь саат 21:35ке карата Бишкекте абанын булганышы нормадан жогору. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.

Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды "Эйрказ.орг" сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.

7-кичи район - 61 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 69). Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.

Москва-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде 58 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 64).

Бейшеналиева-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде учурдагы көрсөткүч - 57 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 95).

Чыгыш-5 кичи району – 40 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 63).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Alimbek1000
2020-01-07 23:02:04
ТЭЦти 386 млн долларга ремонт кылгандан кийин абанын булганышы кескин түрдө жогорулады. Ушул жерден бир суроо жаралат: 386 млнго жаңы ТЭЦ курса болот го анан кантип аба булганып жатат? ТЭЦти ремонт кылбай эле тескерисинче талкалашканбы?
-2
Shef87
2020-01-08 04:21:36
Машиналарды токтотуп жөө жүргүлө өпкө керек болсо
+1
Samatalibei
2020-01-08 09:09:04
Биз кандай жанбыз деги, кайдыгер келечекти ойлогон киши жоктой! Абанын кескин булганышы козго корунбогону менен адамга зыяны аябай коп!Кара тутун каптап бири бирибизди корбой калсак да жашай берчудойбуз себеби баарибир экен бизге! Тийиштуу органдар эмне себептен Аба кескин турдо булганып жатат? Тецти текшерип коргуло баардык баняларды текшергиле! Эски унааларды текшергиле жок дегенде эски унаалардын ээсине эскертуу берип койсонор бир аз болсо да ондоп тутунду азайта беле????
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан