Биз социалдык тармакта

Ала-Бел ашуусунда 4 жүк ташуучу унаа жолдо тыгылып калган

Бишкек-Ош унаа жолундагы Ала-Бел ашуусунда 4 оор жүк ташуучу унаа жол четине чыгып, тыгылып калган. Кырсык болгон жерге 2 куткаруучу КамАЗ унаасы менен барып, тыгылып калган унааларды чыгарууга жардам беришкен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 65-чакырымында Hyundai Avante үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып кеткен. Окуя болгон жерге 3 куткаруучу тартылып, унааны жолго сүйрөп чыгарышкан. Жабыркагандар жок.

Бишкек-Ош унаа жолунун 145-чакырымында 1 оор жүк ташуучу унаа жолдо тыгылып калган. Аталган жерге ӨКМнын куткаруучулары Урал унаасы менен барып, тыгылып калган унааны чыгарып беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан