Ош шаарында түнү көчөгө ташталган 2 жаштагы наристенин апасынын аты-жөнү аныкталды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал Баткен облусунун тургуну. 27 жашта. Учурда наристенин апасын издөө иштери жүрүп жатат.
Буга чейин 29-декабрда түнкү саат 01:30 чамасында милиция кызматкерлерине "Тез жардам" кызматынан кебетеси европалык болгон 2 же 3 жаштагы кызды шаардагы көчөлөрдүн бирине белгисиз адамдар таштап кетишкени кабарланган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Милиция кызматкерлери кыздын ата-энесин издеп, наристе шаардагы реабилитациялык борбордо багылып жатканы айтылган.