Биз социалдык тармакта

ИИМ: "2019-жылы 5 миңден ашуун үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактылары катталган"

Үй-бүлөлүк жана гендердик зордук-зомбулукка каршы күрөшүү ички иштер органдарынын негизги багыттагы ишмердүүлүгү болуп саналат. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Аялдарга карата болгон үй-бүлөлүк зордук-зомбулук азыркы учурда актуалдуу маселе болуп эсептелинет. Бул багытта ишти алып баруу учурунда кыйынчылыктар жок деп айтууга болбойт. Себеби бардык эле жабырлануучу расмий арыз менен кайрыла бербейт. Мындай учурларда жабырлануучу тарап арызы менен кайрылбаганы жана күбөлөр дагы мындай фактыны ачыкка чыгарбагандыгы тынчсыздандырат. Эгер мурда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка карата административдик жаза каралса, 2019-жылдын 1-январынан баштап киргизилген жаңы кодекстердин негизинде кылмыш жоопкерчилиги каралган жана Жоруктар кодексине киргизилген.

2019-жылы 5 миңден ашуун үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактылары катталган. Анын ичинде физикалык, психологиялык жана сексуалдык зомбулуктар бар. Ички иштер органдары тарабынан айтылган убакыт ичинде 5 000ден ашуун коргоо ордери берилген. Катталган 580 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Absamat-90
2020-01-09 22:44:45
Уй бүлөлүк уруш болот казан аяк кагышат, бирок биздин мырзалар моюнга алуу керек кээде сөз көтөрө албай кетебиз, кээде чучукка жетип кетет. Мурун деле уруш болгон керек болсо камчы менен сабаган аталар болгон, болгону азыркыдай интернет жок болчу."Бакайдын жайыты" деген тасмада да көрсөтүлөт го байбичесин сабаган жери. Бирок азыр бизде сабырдуулук азайып ачууга бат алдырып жаткан сыяктуубуз.
+3
Jaznura
2020-01-09 22:51:43
Үй бүлө эң негизги бактылуулук булагы. Ошол булактын көзүн ар кандай нерселер тосуп калса деле чыккан сыяктуу сабырдуулук менен ага бериш керек. Турмушту көтөрө билүү зарыл.
+2
Alimbek1000
2020-01-09 22:54:04
Уй-булолордо тынчтык эле болсунчу!
0
Alimbek1000
2020-01-09 22:58:24
Эч кайсы уй-було урабасын!!!
+1
Migrant-rf
2020-01-10 01:20:26
Анданда көп катталат, арызданып барса эч нерсе кыла албайбыз деп жатсаңар.
-2
KG.Kushtarbek
2020-01-10 03:33:19
Бизде тен укутууда аялыда эркегида бирдей.Озулорун месталарын билбей.Аял деген куйоосунон 1 тепкич ылдыйда журуу керек.А куйоо бир тепкич ойдоодо жургонун билиш керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан