Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратында салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмү түзүлдү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Салык кызматынын жетекчилиги салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүн түзүүнүн зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алууда жарандардын бирдиктүү терезелердин тейлөө деңгээлине, анын ичинде кызматкерлердин орой мамилелерине болгон даттанууларын да эске алышты. Ошондуктан калкка сапаттуу салыктык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуу боюнча жергиликтүү салык органдарынын ишин координациялоо жаңы бөлүмдүн ишинин маанилүү бөлүгүнүн бири болот.