Биз социалдык тармакта

Таласта жарадар болгон ак илбирске операция жасалып, башынан 18 бытыра алынды (сүрөт)

Таласта жарадар болуп, Бишкекке алып келинген ак илбирске операция жасалды. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бактыбек Рысалиев билдирди.

Маалыматка ылайык, операция кечээ, 10-январда Кыргыз улуттук агрардык университетинин ветеринардык клиникасында жасалган.

"Илбирстин башына ок тийген. Анын денесинде 70 бытыра бар болгону аныкталды. Операцияда илбирстин өмүрүнө коркунуч туудурган 18 бытыраны алып чыгышты. Эми илбирстин абалы турукташып калганда дагы операция жасалып, калганын алышат. Азыркы абалы оор, бирок туруктуу. Илбирс бүгүн операциядан кийин бир аз басып калды. Биздин кызматкерлер укук коргоо органдарына кайрылган. Азыр алар жаныбарга ок аткан адамды издеп жатышат", - дешти басма сөз кызматынан.

Ошондой эле бул ишти Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин жетекчилиги өз көзөмөлүнө алган.

Ак илбирсти 9-январда жергиликтүү тургундар жана Мамэкотехинспекциянын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери кармашкан. Тургундар тарабынан тартылып алынган видеодо ак илбирс дарактын башына чыгып кеткен. Кийинчерээк ал жаракат алганы аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
gulam
2020-01-11 14:21:12
Бытыра дегани нима биттаям тушинмадим
-23
aiba.8327
2020-01-11 14:27:28
gulam,октун майдасы майда коргошун
+9
KG-zigit
2020-01-11 15:14:10
gulam,акетай анака манака дебей кыргызча жазсан бай болгур
+11
Krai
2020-01-11 17:54:27
gulam,тушунбосон бул кыргыз сайтка бышырып коюптурбу. Каерде болбосун силер жүрөсүңөр
+9
zidanjon1
2020-01-11 14:21:43
Перчатки жокпы дейм врачтарда
+13
aiba.8327
2020-01-11 14:30:46
Мениминче жергиликтуу мергенчилер эле атса керек бытыра эски мынтыктар да коп колдонуннат жакшылап иликтесе таабышат мергенчини.......
+16
Kyrgyz_bloger
2020-01-11 14:41:19
Чачма деп коет биз жакта,брат деген кинодо Сергей Бодров жасайт го.
+11
KG.Kushtarbek
2020-01-11 16:16:15
Илбирсти этин жебесе керек неге атат деймда
+5
talaa11
2020-01-11 16:38:16
KG.Kushtarbek,этин жебейт терисин сыйрып алып сатышат кымбат акчага
+10
Kuba-savai87
2020-01-11 16:48:52
Табылса жазасы ото катуу да
+10
kamchatka
2020-01-11 18:19:54
Ошол мергенчини таап алыстан хххх бытыратыш керек бытыра менен акмакты
+12
kano2124
2020-01-11 23:40:22
kamchatka,туп туура айтып жатасын дос
+3
suban78
2020-01-11 19:36:14
Башкаларга сабак болгудай кылыш керек акмакты. Айылдаштары билет ким атканын. Сыйлык беребиз, аноним болот кабарлагыла десе табылат тез эле
+7
Paol
2020-01-11 21:21:12
Иий байкуш десе(сакайып кетсин
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан