Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков башында турган Кыргыз делегациясы тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы чек арадагы кырдаал боюнча тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Күтүлүп жаткандай, жолугушуу чектеш аймакта 14-январында өтөт.

Делегациясынын курамында Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин жетекчилери, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү бар.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал, аны турукташтыруу боюнча мындан аркы чаралар, чек ара коопсуздугун бекемдөө, чек ара окуяларын алдын алуу чаралары, ошондой эле Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин активдештирүү маселелери талкууланат.

Жолугушуу эки мамлекеттин башчыларынын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларга ылайык өтөт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Alimbek1000
2020-01-11 17:22:15
Чек ара маселеси оор маселе бодон калып келе жатат. Эгер Жээнбековдун мөөнөтүндө чечилип калса анда ал киши тарыхта алтын тамгалар менен калат.
-4
u02u02
2020-01-11 17:28:29
Жениш Разаков чече албайт
+6
assanov97
2020-01-11 17:38:15
Ишенгенибиз лысый болсо ишибиздин буткону
+5
chake
2020-01-11 17:49:42
чек ара маселеси боюнча Тажик тарап эмнегедир кызыкдар болбой жатат
+1
maksymtegin
2020-01-11 18:04:29
Демек эч кандай жыйынтык чыкбайт экен
+5
elb_2121
2020-01-11 19:36:00
Жеништен жыйнтык чыканда Баткенде губернатор болуп турганда чечип салмак Мадумаров экоо чогу сатканда жерди
+3
tina-Tin
2020-01-11 19:51:49
Шпиондон умут жок. Бул тажиктердин агенти.
+2
KAYRATBEK
2020-01-12 02:01:26
Жениш Раззаковко эл ИШЕНБЕЙТ. Окмот кантип чек араны ушул кишиге ишенип тапшырдынар. Эч тушунбойм.
0
Islambek123
2020-01-12 09:53:22
Ворухтун жолун кан буугандай бууп жаап койуш керек минумум 6ай, ошондо тажик озу чуркап келет,кел суйлошобуз деп контрабандистер аларды кутуртту.
0
elb_2121
2020-01-12 12:11:19
Islambek123,Биздин кутурган бийлик да ачка калатда
0
KYRGYZ_bolson_BRAT
2020-01-12 13:57:18
Жениш Разаков Тажиктердин ашенти ишенбегиле жакында баарын сатып кетет
0
assr
2020-01-12 18:30:47
жениш эки жуздуу адам ал чече албайт эч нерсени анын кереги жок албетте
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан