Премьер-министр Баткен облусунун кызматкерлерин кызматтан алуу боюнча бир катар буйруктарга кол койду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Эрлан Сапарбаев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматынан бошотулду. Абдыманап Жакбаров Кадамжай районунун акиминин биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Акылбек Орозов Баткен районунун акими кызматынан бошотулду. Баймурат Бекмуратов Лейлек районунун акими кызматынан бошотулду.
Эскерте кетсек, буга чейин өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев кызматтан алынган.
Ал өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2021-жылдын февраль айында келген. Ага чейин ал Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болгон.