Бүгүн, 13-январда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында катуу шамал болуп жатат. ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлагандай, учурда шамалдын ылдамдыгы секундасына болжол менен 16-20 метрге жетүүдө.
Аталган министрлик тургундарды сак болууга чакырат.
Ылдамдыгы 16-20 метрге жеткен шамал катталганда үйдүн чатыры учуп кетиши мүмкүн. Ошондой эле тамыры курап калган дарактар кулашы, электр чубалгылары үзүлүшү мүмкүн.