Биз социалдык тармакта

Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси болуп дайындалган Наргиза Мансурованын өмүр баяны

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, президенттик аппараттын түзүмүндө өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жарлыкка ылайык, маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы жана басма сөз катчысы кызматтары экиге бөлүндү. Анда Наргиза Мансурова президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.


Наргиза Мансурова 1980-жылы 5-майда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган.

2002-жылы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. “Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси” класстык чини бар.

Эмгек жолу:

  • 2003 – КТРКда балдар программасынын редактору;
  • 2006-2009 – “Кылмыш жана жаза” гезитинин жооптуу редактору;
  • 2009-2010 – “АКИпресс” маалымат агенттигинин кабарчысы;
  • 2010-2013 - “АКИпресс” агенттигиндеги “Баракелде” маалыматтык порталынын башкы редактору;
  • 2013-2014 – Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти;
  • 2014-2016 – “Эркин Тоо” мамлекеттик гезитинин башкы редактору;
  • 2016-2017 – Жогорку Кеңеште консультант;
  • 2018-2019 – Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн ЖМК менен байланыш жана ыкчам маалымат секторунун жетекчиси;
  • 2019-2020 – Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2020-жылдын 13-январынан тарта Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Alimbek1000
2020-01-13 19:35:14
Бул эжени тааныйм мыкты адис өз ишине тың!
-3
Azatbek.Svoboda.
2020-01-13 22:39:43
Alimbek1000,Жожону куздо санайбыз деген жакшы кеп бар!
+4
assanov97
2020-01-13 19:57:28
Жаш кыз экен
+2
Azatbek.Svoboda.
2020-01-13 22:31:06
assanov97,40 жашар кыз болбойт!Жок дегенде жаш аял экен десен болмок.
+4
Azatbek.Svoboda.
2020-01-13 22:28:56
Буларга окшогон бири элитамын дейби?Кысказы ак уйдо креслодо отургандарга мен тан бербейда калдым ону тусу аты фамилялары озгорбосо эле кылган иштери койондой окшош!Эч бир озгоруш болбойт!
+3
Islambek123
2020-01-13 23:25:06
Муну менен эле эмне озгормок, макул иштей берсин.
0
Bishkek312.
2020-01-13 23:29:25
Көздөрүнүн эки кареги бийликти карап жатып бириккени калган го!
+1
chake
2020-01-14 08:59:14
жумушка кирбей жатып сындагандар өзүнөрдү бир күзгүдөн көрүп албайсыңарбы өмүр баяны көрсөтүп турбайбы кандай кыйын экенин сен бир демени жазарда өзүндүн өмүр таягыңды көзүнөн өткөрчү
-2
jake91
2020-01-14 18:45:16
Кашкар жунусалиевти да алмаштыргыла ага никелеп берседа
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан