Бүгүн, 14-январда Жогорку Кеңеш комитетинде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын ишинин жүрүшү жөнүндө маселе каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, баяндаманы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жасайт. Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде мындан тышкары ар түрдүү маселелер каралат. Жыйын саат 10:00дө башталат.