Биз социалдык тармакта

Өлкөдө оор кырдаалга кабылган балдар убактылуу багып алуучу үй-бүлөдө тарбияланышат

Өлкөдө 150 турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар убактылуу багып алуучу үй-бүлөлөрдүн кызматтарын алышты. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

Анда турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар үй-бүлөлүк курчоодо тарбиялануусу үчүн багып алуучу (фостердик) үй-бүлөлөр институтун өнүктүрүүгө багытталган активдүү иш-чаралар өтүп жатканы айтылган.

"Багып алуучу (фостердик) үй-бүлөлөр келишимдин негизинде балдарды убактылуу тарбиялоого алышат. Фостердик үй-бүлөлөр белгилүү бир талаптарга жооп бериши керек жана атайын окуудан өтүүсү зарыл. Фостердик үй-бүлөдө убактылуу тарбияланууга 16 жашка чейинки балдар берилет. Бирок өздөрүнүн балдарын кошкондо 5 баладан ашпашы керек. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги багып алуучу үй-бүлөлөргө 6 миң сом өлчөмүндө айлык акы, ал эми балдардын өздөрүнө (кийим кечесине, тамак-ашына) 6 миң сом ай сайын бөлүп берет. Фостердик үй-бүлөлөргө жетим балдар, ата-энесинин укугунан ажыратылган балдардын өмүрүнө коркунуч жараткан үй-бүлөлөрдөн тез арада алынган балдар жана башка жагдайларга байланыштуу турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдар жайгаштырылат", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, Фостердик ата-эне болууну каалагандар жарандар жашаган жери боюнча райондук же шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылуусу зарыл. 30 жашка чыккан, бирок 65 жаштан жогору эмес окуудан, тандоодон өтүшкөн жарандар багуучу ата-эне боло алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Qwer007
2020-01-14 14:08:06
Жакшы иш. Ылайым детдомдордо бала калбай калсынчы
+3
Omush94
2020-01-14 14:14:57
Окубай эле алса болбойбу?
+2
Absamat-90
2020-01-14 14:42:31
Omush94,окутканы жакшы, себеби бул балдарга өзгөчө аяр мамиле, жашоого үйрөтүп жардам берүү керек. Кээ бирлери ар кандай чөйрөдө чоңоюп турмушка көз карашы мерезирээк болушу мүмкүн. Эмнеси болсо да жакшы иш чара экен.Ар бир бала мээримге камкордукка муктаж.
+1
Omush94
2020-01-15 11:53:10
Absamat-90, ойуңуз туура сиздики деле. Мисалы мен да бала багып алам десем окуш керек экен, менде окуганга кайдан убакыт жок шарт ага ылайыкташкан эмес.
0
Asyl10
2020-01-15 01:18:46
Сурап-билуу учун телефондорун жазып койсонор жакшы болмок экен. Мисалы мен Ошто турам, уй-булолуумун, баланы убактылуу карай турган болсом, анын окуусу эмне болот? мектепке тапшырышым керекпи,медициналык кароого жашаган жерге учетко тургузамбы?кийин ал баланы биротоло асырап алууга болобу ушуга окшогон толтура суроолорду тактап алуу керек болуп жатат, жергиликтуу социалдык кызматкерлер деле коп суроолорго так жооп бере албай жатышат.
+1
Janna07
2020-01-15 07:18:53
Asyl10,туура айтасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан