"Лейлек районунун Максат айылында кыргыз тарап жүргүзүп жаткан курулуш иштерине тажик тараптан тоскоолдуктар болуп жатат". Мындай маалыматты Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов SUPER.KG порталына бүгүн, 16-сентябрда билдирди.
"Тажик тарап курулуш иштерин жүргүзүп жатат. Биздин дагы тургундар альтернативдүү курулуш иштерин жүргүзүп жатышкан. Мамлекеттик программага кирген жолдорубузга асфальт төшөлүүдө. Тажик тараптын курулуш ишин токтотуу мамлекеттик деңгээлде гана чечилет. Эгер биз аларга жараша кадамдарга барсак, абал күчөп кетиши мүмкүн. Учурда күч органдары менен турабыз. Бардык тиешелүү органдар биздин жаныбызда", - деди аким.
Ал белгилегендей, тажик тарап Баткен районунун Жака-Өрүк жергесиндеги такталбаган Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кыргыз тарап менен макулдашылбаган жерде иш жүргүзүүнү улантууда.
Эске салсак, 14-сентябрда Жака-Өрүк айылында такталбаган жердеги жолдун чекесине тажик жарандары 10 машина шагыл төгүп, курулуш иштерин баштаган.