Экинчи сүйлөшүү. Садыр Жапаров Шавкат Мирзийоев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 1-майда президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Анда эки тараптуу жана регионалдык кызматташуунун актуалдуу багыттары, анын ичинде мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуяларга байланыштуу маселелер талкууланганын президенттик аппараттан билдиришти.

Тараптар биргелешкен аракеттердин натыйжасында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал турукташып калганын канааттануу менен белгилешкен.

"Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзийоев өлкөлөрдүн боордош элдеринин ортосундагы достукту жана ынак коңшулук мамилелерди чыңдоо максатында учурдагы аймактык бардык көйгөйлөрдү конструктивдүү жана ишенимдүү диалог аркылуу чечүү ниетине бекем турушарын дагы бир жолу ырасташты", - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Jigit25
2021-05-01 12:54:43
Не пайдасы бар . Эл кырылып буттуго
+14
Urmat78
2021-05-01 13:00:00
Мирзийоев нени чечмек эле же өзбектер басып кирдиби.Эмамоли менен сүйлөшпойбу
+17
Lina2020
2021-05-01 13:09:52
С.Жапаров колл-центр работниги болуп кеткен го. Эли кырылып атса 24/7 телефондон коңшулар менен сүйлөшүп, Эмомалиге доставка кылам дегендей эле Дүйшөмбүгө барам деп чалып койду и всё. Мага эле сезилип жатылабы же качан түндүктөн президент болгондо коңшулар сразу бизге чабуулга өтөт. Кыргыздар түштүктү өгөйлөгөнүн алар деле билип бүтүптүр да эхх..
+11
basyz-kaman
2021-05-01 13:24:35
Түндүк-түштүк деп жазбай кысып эле тургулачы түркөйлөр! Өзбекстан менен сүйлөшүп мамилени чыңдап турган жакшы. Тажиктерди эптей албай турганда өзбектер менен чек арада жаңжал чыкпай турганы жакшы.
-4
Chungyz
2021-05-01 13:31:50
Рахман садырга тел жооп бербей через шафкат байланышып жатса керек
+1
Jaraisyn
2021-05-01 13:33:54
Бардык нерсе биз ойлогондой эмес да туугандар. Үмүттү үзбөйлү тынчтыктан. Согуш апаат нерсе. Чечилип калар
0
Brilant-zhylan
2021-05-01 13:35:19
Тажиктер келишимди бузуп ок чыгарып жатса биздикилер не эшек такалалап жатабы атпайбы же колдон келбесе куралды элдин озуно берсин Эл ОЗУ чечип алат зымды да тартып алат
+10
Asmat84
2021-05-01 13:57:38
Демек Путинден жардам болбоду окшойт.Шавкаттан жардам сурай баштаптыр. Менин жеке оюм Турцияга кайрылганда бир чечим болоор беле
+9
Bazana
2021-05-01 14:00:11
Asmat84,Путин жапаровдун бийлигин колдобойт, тазик тарап.
+4
Lina2020
2021-05-01 16:08:34
Asmat84, Орустардын кандай экенин көрдүк, эми Түркия тарапка эле жакындаганыбыз оң го.
+1
umarbey
2021-05-01 14:22:41
Kaydagi turuktashuu. Naoborot huje bolup atat. Ayrikcha Leylek rayonu.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан