Журналист Динар Турдугулова Аскер прокуратурасына суракка телефон аркылуу чакырылганын билдирди.
"Былтыр сизге Жеңиш Разаков тууралуу маалыматтар келген экен" деп чалышты. Эч кандай маалыматтар келген эмес десем, "5 эле мүнөткө келип кетиңизчи" деп эртеңкиге чакырышты", - дейт Турдугулова.
Бүгүн, 15-январда "Азия ньюс" гезитинин башкы редактору Аслан Сартбаев дагы Жеңиш Разаков тууралуу маалыматтар боюнча Аскер прокуратурасына суракка чакыртылган.